Без рубрики

Азиз Батукаевдин иши боюнча СИЗО-1ге камалган дарыгердин бутунун бармактары сынган. Керебеттен жыгылды деп билдиришти

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган лаборант Ирина Цопованын бутунун бармактары сынган. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Цопованын бутуна гипс коюлган жана анын эч кимге эч кандай доосу жоктугун билдирген.

«Биздин кызматкерлер кирип чыгышты. Абалы жакшы экен. Ошондой эле СИЗО-1дин медициналык кызматкерлери врачтын ден соолугуна карата тийиштүү чараларды колдонуп жатышыптыр», — деди Сулайманов.

Маалыматка ылайык Ирина Цопова СИЗО-1деги абактан 2 кабаттуу керебеттин 2-кабатынан түшөм деп бутун кокустатып алган. Жыйынтыгында анын бутунда жарака бар экени аныкталганы айтылган. Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган.

Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми 15-майда Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.