Без рубрики

«Дордой» клубунун футболчулары Тажикстандын «Хужанд» клубу менен беттешет

«Хужанд»-«Дордой» беттеши Хужанд шаарындагы «Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы» аталган стадионунда Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат
Ал эми «Алтын Асыр»-«Истиклол» беттешине Түркмөнстандын борборундагы «Ашхабад» стадионунда 18:00дө старт берилет.

Алгачкы турда «Дордой» клубу «Алтын Асырды» Бишкек шаарында кабыл алып, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Ал эми «Истиклол» «Хужандды» 3:0 эсеби менен жеңип алган.

Бул жылы «Хужанд» командасына Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов өткөн, деп билидирет SUPER.KG порталы.