Все новости

Экс-мерлердин сотуна журналисттер киргизилген жок

Кулматовдун жана Ибраимовтун жактоочусу соттон процессти тасмага тартууга уруксат берүүнү өтүндү

Бүгүн, 31 –майда, Ленин райондук сотунда мурдакы калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сот процессинде экс-мэрлердин адвокаты Сергей Слесарёв сот процессин видеого тартып алуу өтүнүчү менен кайрылды.

«Сот процессин видеого тартууну жүргүзүү зарыл деп эсептейм. Мен соттон процессти видеого тартып алууну камсыз кылууну өтүнөм», — деди ал.

Слесарёвдун  өтүнүчүн башка адвокаттар да колдошту.

Сот видео жазуу системасынын иштебей жатканын шылтоолоп, өтүнүчтү четке какты.

«Өтүнүч четке кагылат, анткени материалдык техникалык жактан камсыздалган эмеспиз. Ошондой эле сактай турган да жер жок. Мындан ары биз бул маселени карайбыз», — деди судья.

Слесарёв өз кезегинде дагы бир өтүнүчүн билдирди. Ал соттон процессти адвокаттар видеокамерага тартып алуусуна уруксат кылууну өтүндү.

«Жактоочулар тарабынан видоего жазып алууну жүргүзүү мүмкүн деп эсептейм», — деди ал.

Айыпталуучулар жана башка адвокаттар Слесарёвду колдошту. Бирок судья Кылмыш кодексине шылтоолоп, мындан да баш тартты. Анын айтымында, КЖКда жактоочулар тарабынан видеого тартып алуу каралган эмес.