Без рубрики

Исламбек Матраимов кызматынан кетти

Каржы полициясында иштеген иниси Исламбек Матраимов кызматынан кеткенин ЖК депутат Искендер Матраимов 5-каналда түз эфирде айтты

«Иним (Исламбек Матраимов) Финполдон арызын жазып кетти. «Конфликт интересов» болбойт. Эгерде керек болсо мен төраганын орун басары болгон комитеттен да кетем», — деди түз эфир учурунда депутат Искендер Матраимов.

Ал Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иштөө боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Буга чейин Дастан Бекешев депутат Искендер Матраимовду Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгынын орун басарлыгынан кетүүгө чакырган. Андан сырткары Финполдо иштеген Исламбек Матраимовдун да кызматтан кетишин талап кылган.

«Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700миллион доллар Матримовдорго тиешелүу экендиги туурасында материал жакында эле жарык көргөн. Ал жарым сааттык тасма социалдык тармакка тарап, коомдо чоң резонанс жараткан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырган.

Ал эми каржы полициясы Исламбек Матраимов кызматынан 2019-жылдын 22-майында кеткендигин билдирди.

28-майда Премьер-министр Абылгазиев Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырган эле. Эртеси Финпол Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду мыйзамсыз байыган деген маалыматтын тегерегинде сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.