Без рубрики

Манас Арабаев камакка алынды

«Сот системасынын куратору» аталган Атамбаевдин бийлиги маалында президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаев кечээ камакка алынды

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен былтыр 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген.

Социалдык тармактарда Манас Арабаевтин сот системасына, куугунтукталган саясатчылардын сот иштерине аралашып, башкарып турганы туурасында чоң талкуулар болгон.