Без рубрики

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда ШКУнун жана ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн биздин өлкөгө келген Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын март айындагы Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити кыргыз-россия кызматташтыгы сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын, активдүү динамикага ээ болуп, конкреттүү мазмунга толуп жатканын тастыктаганын канааттануу менен белгиледи.
Региондор аралык конференциянын алкагында 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 53төн ашуун контракттарга кол коюлду. Ректорлор форумунун алкагында жогорку окуу жайлардын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги белгиленди.

Кыргызстанда МГУнун филиалын ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Региондор аралык байланыштарды, ошондой эле жаштар саясатын бекемдөө боюнча пландар белгиленди.

Мындан тышкары, 2020-жылды Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө макулдашууга жетишилип, жакынкы күндөрү иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешкен уюштуруу комитети түзүлөт.

Мамлекет башчысы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкка токтолуп, ата-мекендик ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБ системаларына шайкеш келтирүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Президент Сооронбай Жээнбековго Россия Президенти Владимир Путиндин эң жакшы каалоо-тилектерин жолдоп, меймандостук жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал Владимир Путиндин жакында болуп өткөн Кыргызстанга мамлекеттик визити мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи.

«Визиттин алкагында тармактар аралык көптөгөн иш-чаралар өттү, маанилүү жана мазмундуу документтерге кол коюлду. Бардык тармактык документтер боюнча биздин мекемелер кандай иш алып барып жатканына байкоо салып турабыз», — деп баса белгиледи Сергей Лавров жана Россия тарап Кыргызстанды бардык башталыштарында жана эл аралык долбоорлордо колдоого даяр экенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россиянын ишенимдүү досу, стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Президент Владимир Путинге салам жолдоду.