Все новости

Раим-миллионго «Мыйзамсыз баюу» боюнча кылымыш иш ачылды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго «Мыйзамсыз баюу» боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алдардцн айтымынды, «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Эске сала кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, Матраимовдун мүлкүн текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.