Без рубрики

Өз атасы зордуктаган өспүрүм кыз уул төрөдү

Өз атасы зордуктап жүргөн 14 жашар кыз көз жарды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош областынын Өзгөн районунда жашаган үй-бүлөдө үрөй учурган окуя катталган.

Өзгөн районунун айылдарында жашаган бир үй-бүлөнүн апасы 6 жыл мурун каза болуп, атасы балдарын карап жалгыз жашаган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал жаран 14 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөнү маалым болгон.

5-апрель күнү 14 жаштагы өспүрүм киндикти кесүү (кесарево сечение) жолу менен 2 килограмм 400 грамм ымыркайды жарыкка алып келгени маалымдалды.

Учурда өспүрүм кыз наристени карабай турганын, аны эмизип багуудан баш тартканын дарыгерлер айтышты.
Областтык төрөт үйүнүн дарыгерлери ымыркай менен энени Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна өткөрүп беришээрин айтышты. Борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова кыздын туугандары менен жолугуп, эне менен баланын кийинки тагдыры туурасында сүйлөшө тургандыгын билдирди.

“Кыздын туугандары да,дарыгерлер да кыздын ымыркайдан баш тартып жатканын түшүндүрүштү. Анткени, 14 жашар өспүрүм кичинекей наристени карай албасын баарыбыз эле түшүнүп турабыз” – деди Дарика Асылбекова.
Өз кызын зордуктаган ата учурда абакта отурат. Ал жасаган кылмышын мойнуна алганы маалымдалды.