Все новости

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирет

Өлкөбүздүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа
жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сактала тургандыгын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

2019-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп
жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,
Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы,
Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун
75-90-чакырымындарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар
көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп
муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши
зарыл.