Без рубрики

ӨКМ шашылыш билдирет: тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2019-жылдын 26-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат таратты

2019-жылдын 26-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

2019-жылдын 26-27-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

2019-жылдын 26-апрелинен 28-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 22-апрель күнү КР ӨКМнин телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген деп билдирди ӨКМнин басма сөз кызматы.