Все новости

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 13-апрель кунү келет

Кыргызстандын сыртында жүргөн Өмүрбек Бабанов ушул ишемби күнү келээрин социалдык тармактагы баракчасына жазып жарыялады.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунга чыгып, шайлоону утпай калган Өмүрбек Бабанов буга чейин Кыргызстанга келе турганын дос-тааныштары аркылуу айттырып жургөн болчу.

Бүгүн, 10-апрелде Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына Кыргызстанга учуп келүү үчүн билет сатып алганын жазды.

Бабанов жазгандай ал 13-апрель күнү Бишкектин сааты боюнча 14:50дө «Манас» эл аралык аба майданына конот.

Бабанов буга чейин ага козголгон кылмыш иши боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанга инвестиция тарта тургандыгын билдирген.

Эскерте кетсек, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Алар, «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык тузүлүшкө каршы келет» жана экинчиси, «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып болчу.