Без рубрики

Өндүрүш Токтонасыровту милиция текшерди

Бүгүн эртең менен белгилүү жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров
өзүнүн Facebookтагы жеке баракчасына ага таң атпай милиция кызматкерлери келгендигин жазды

«Путин аэропортко келген маалда, саат 7.30 уктап жатсам үйгө ИИМдин 10 башкармалыгынан эки жигит келиптир.Байке учурашалы деп эле келип калдык.Бүгүн акцияга чыгасызбы?Билип коёлу дегенбиз дешет.Таң калдым,булар эмне акцияга чыгып жүргөн дөрдөн алдын-ала кабар алып турушабы? Же мен коркунуч туудура турган кылмышкер болбосом.Кайсы маалда чыгам,кандай максатты көздөй жеке ишим да.Конституциялык укугумдан пайдаланып, өз оюмду эркин айтууга болот да.

Баскан-турганымдан өйдө минтип сарасеп салып турушса болбос.Мындай жат көрүнүш демократиялык өлкөгө кедергисин тийгизет.Баса,жанагы таң эрте эрикпей мага учурашканы келген эки мырзанын мингендери «Тойота Камри» номуру 387 экен.Телефон номуруму сурашат, мындай эле тааныш болуп жүрөлү деп жылуу-жумушак коштошуп кала бердим.Каап,шашпай селфилешип койсом болмок экен деп ойлоп калдым.Путин аэропортко келген маалда, саат 7.30 уктап жатсам үйгө ИИМдин 10 башкармалыгынан эки жигит келиптир.Байке учурашалы деп эле келип калдык.Бүгүн акцияга чыгасызбы?Билип коёлу дегенбиз дешет.

Таң калдым,булар эмне акцияга чыгып жүргөн дөрдөн алдын-ала кабар алып турушабы? Же мен коркунуч туудура турган кылмышкер болбосом.Кайсы маалда чыгам,кандай максатты көздөй жеке ишим да.Конституциялык укугумдан пайдаланып, өз оюмду эркин айтууга болот да.Баскан-турганымдан өйдө минтип сарасеп салып турушса болбос.Мындай жат көрүнүш демократиялык өлкөгө кедергисин тийгизет.Баса,жанагы таң эрте эрикпей мага учурашканы келген эки мырзанын мингендери «Тойота Камри» номуру 387 экен.Телефон номуруму сурашат, мындай эле тааныш болуп жүрөлү деп жылуу-жумушак коштошуп кала бердим.

Каап,шашпай селфилешип койсом болмок экен деп ойлоп калдым»-деп жазды Өндүрүш Токтонасыров.