Без рубрики

Өткүрбек Жамшитов: “Прокуратура Садыр Жапаровтун ишин кайра кароону колдобойт”

Парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровтун кылмыш ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгууну прокуратура колдобой турганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн Жогорку Кеңеште берген отчетунда айтты

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун мыйзамдуулук жана 2018-жылда аткарылган иштер боюнча отчетун укту.

Өткүрбек Жамшитов билдиргендей жаңы кодекстерге ылайык тараптар жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишти кайра карап чыгуу арызы менен Жогорку сотко кайрылса болот.

“Мыйзамга ылайык жаңы ачылган жагдайлар сот отурумдарында айтылган болсо кайрадан каралат. Бирок, Садыр Жапаровтун иши боюнча буга чейин айтылган себептер менен жагдайлар кайра каралып чыкчу жаңы жагдайларга кирбейт”-деди башкы прокурор.

Эскерте кетсек, райондук, шаардык жана Жогорку сот да экс-депутат Садыр Жапаровту 2013-жылы Караколдогу митингди уюштурган жана барымтага алган деген күнөөлөр менен 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү өкүмүн чыгарган.