Без рубрики

14-апрель күнү Москвада 3 жигит бычак жеп ооруканага түшкөн

Москвадагы Кузьминка метросунун жанында кыргыз жарандары бычакталды деген маалымат тарады.Аны SMI.KG маалымат агенттигинин редакциясына Сүймөнкул аттуу жигит билдирди.

Анын айтымында, кечээ 14-апрель күнү Москванын Кузьминка метросунун жанында таңкы 7лерде кыргыз жарандары жумушка жөнөп жатып, тамак ичүү үчүн кафеге киришкен. Ошол маалда полиция кызматкерлери да тамактануучу жайга баш баккан.

Ошол кафеде отурган  24-25 жаштагы балдар дааратканага бекингенин байкап калышкан.

Тамактанып бүткөн соң Сүймөнкулдун достору жумушка жөнөп калганда берки топтогу балдар «тамак алып бербейсиңерби, акча бергиле» — деп опузалап башташат. Каршылык көрсөткөндө алар бычак алып чыгып Сүймөнкулду эки досу менен жаракат кылышат.

Натыйжада Сүймөнкулдун бутуна бычак сайылып, эки досу оор жаракат алат.

Бүгүнкү күнү Сүймөнкулдун буту дарыгерлер тазалап, дарылап байлап беришет.

Сүймөнкулдун айтымында тааныштары ооруканада жаткан эки досунан кабар алганы барышса эч кимди киргизбей коюшуптур.

Сүймөнкулдун айтымында оор жаракат алган балдардын ал-акыбалы белгисиз.

Эскерте кетсек, кечээ 14-апрелде Москвадагы Кузьминка метросунун жанында бычакталган балдарга алгач, кавказ улутундагылар кол салган деп айтылган. Такталган маалыматтар боюнча эки тарап тең кыргыз жарандары болгон.