Все новости

19 жаштагы айдоочу, эне-баланы сүзүп кетти. Алар каза болду

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда унаадагы 19 жаштагы айдоочу, 34 жаштагы аялды төрт жашар баласы менен сүзүп кетти. Алар кырсык болгон жерде каза болушту. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул жол кырсык 1-июнь күнү Шералиев көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 19 жаштагы З.К.. ал эне-баланы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзгөн.

«Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен, бирок кийинчерээк милицияга өзү келген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматы.