Все новости

23-апрелде өтө турган Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровтун тарапташтары уюштурган митингге расмий уруксат берилди

6 миң киши катыша турган митинг 23-апрелде өтө турганы анык болду.
Бишкек мэриясы “Ата-Мекен” жана “Мекендештер” партиялары биригип өткөрө турган митингге макулдугун берди деп билдирди SMI. KG сайтынын редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов

“Биз уюштуруп жаткан митингден үчүнчү күчтөр пайдаланып, башаламандык болуп кетет деп ойлобойм, — деди депутат.
Алмамбет Шыкмаматовтун айтымында коомдогу чоң проблемаларды бийликке жеткирүү үчүн тынчтык митингдерин өткөрүш керек.
“Жарандар өздөрүнүн конституциялык укугун колдонушу керек.
Бизде жарандардын чогулушун жол тосуу жана башаламандык катары түшүнүшөт. Нааразычылык акцияларын биз маданияттуу өткөрүүгө өтүшүбүз зарыл. Ал үчүн көп элди чогултуунун кажети жок. Митинг деген — бул демократиялуулуктун аспабы, ал сөз эркиндигинен турат. Андыктан, аз эле сандагы эл өз нааразычылыгын айтып митингге чыкса болот” –деди Алмамбет Шыкмаматов.
“Садыр Жапаровдун иши боюнча сот отуруму саат 9:00 дайындалган, ал эми Өмүрбек Текебаевдики болсо саат 16:00. 23-апрель күнү митинг саат 9:00дө башталат — деп кошумчалады ал.