Все новости

23-апрель,Жогорку соттун алдында митинг өтүүдө

Эски аянттагы Жогорку соттун имаратынын алдында “Мекенчилдер” менен “Ата-Мекен” партиясынын мучөлөрү жана Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевтин тарапташтарынын митинги өтүүдө

Бүгүн эртең мененки саат 8 ден тарта Жогорку соттун алдына Садыр Жапаровтун тарапташтары жана “Мекенчилдер” партиясынын мүчөлөрү чогула башташты.

Атайын орнотулган сахнага тасма көрсөтүлүучү экран жайгаштырылып, каалоочулар чыгып өз нааразычылыктарын билдирип жатышты. Алардын арасында Атамбаевтин бийлиги учурунда Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевтин мыйзамсыз, кара жалаа менен жалган жеринен соттолуп кеткени айтылды. Ар бир сахнага чыгып сүйлөгөн карапайым жаран бийликтен,президент Сооронбай Жээнбековтон Жогорку сот Садыр Жапаров,Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновко карата актоо өкүмүн чыгарууну талап кылды.

Сахнаны тегерете курчап турган жарандар ар бир чыгып сүйлөгөн инсанды колдоп, коштоп, “Садыр Жапарповко боштондук”, “Өмүрбек Текебаевке жана Дүшөнкул Чотоновко боштондук” –деп кыйкырып, сүрөп жатышты.

Саат 10:30дар чамасында Жогорку сот алдында атайын орнотулган сахнага Кыргыз драма театры жана “Сейтек” балдар борбору тарабынан эки колонна “Ата-Мекенчилер” басып келип,”Мекенчилдерге” кошулушту.

“Ата-Мекен” партисынын кыпкызыл желектерин,Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сүрөттөрүн кармап келе жаткан атамекенчилердин алдыңкы катарында Асия Сасыкбаева,Наталья Никитенко,Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Сапар Аргымбаевтер келе жатышты.

Бул учурда Жогорку сотто судъялар Садыр Жапаровтун ишин карап жаткан болчу.
Жактоочу Шарабидин Токтосуновтун айтымында бүгүнкү сот отурумунда Садыр Жапаровтун ишин караган судъяларга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында соттук кароо 30-апрелде саат 16:00 гө жылдырылды.
Ал эми Өмүрбек Текебаевтин ишин кароо отуруму бүгүн саат 16:00дө болот.