Все новости

29-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айыл аймагы.

2019-жылдын 25-апрель күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Кожо-Ата дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Туу жана Жылгын айылдарындагы жөө өтүүчү 2 көпүрөнүн түркүгүн агызып авариялык абалга келтирген, жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу өтүүдө. Мындан сырткары Кожо-Ата дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 19-20 чакырымындагы 1,5м аралыкты суу ташкыны жеп кеткен, жол каттамы ачык.

28-апрель күнү КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген 500 даана каптарга кум толтурулуп, Кожо-Ата дарыянын кооптуу деп эсептелген жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш-чаралар толук бүткөрүлгөн. Мындан сырткары Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолу калыбына келтирилип иш чаралар аяктады.

Авлетим айыл аймагы. 2019-жылдын 25-апрель күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Байкашкатерек айылындагы Авлетим дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Авлетим айылында жана Ак-Дөбө тилкесинде Авлетим дарыясынын оң-сол жээктери бузула баштаган.

28-апрель күнү КР ӨКМ тарабынан бөлүнүп берилген 500 даана каптарга кум толтурулуп, дарыянын кооптуу деп эсептелген жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иш-чаралар толук бүткөрүлгөн.

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрель түнү саат 19:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
____________________
29-апрель күнү саат 06:23тө Кытай менен Таджикистандын чектешкен аймакта очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура жана Бор-Дөбө айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.