Все новости

35 жаштагы эркек суу сактагычка чөгүп кеткен

2019-жылдын 30-май күнү саат 14:21 саат чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына чамасында 1984-жылы туулган А.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн суу сактагычка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1- Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 15:47де маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.