Без рубрики

4-кабаттан боюн тайштайм деген кыз куткарылды

4-кабаттан боюн тайштайм деген кыз куткарылды

2019-жылдын 7-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42- көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 1998-жылы туулган М.А. аттуу кыз бала өз өмүрүн кыюуга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына келип түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары үйдүн 5-кабатынан 4- кабатына түшүрүп, кыздын өмүрүн сактап калышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Кыздын абалы канаатандыраарлык деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.