Все новости

9-май Улуу Жеңиштин урматына Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшү өтүүдө 1945-жылы 74 жыл мурун 9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган.

Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду. Анда шаар тургундары жана коноктор Улуу согушта каза болгон чоң-аталарыбыз менен аталарыбыздын, тылда эмгектенген агаларыбыз менен чоң-энелерибиздин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.

Жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталып Жеңиш аянтына чейин уланды.
Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Мурда кабарлангандай анын балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтышкан. Согуштагы эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун чоң атасы Жээнбек Пирназаров Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген. Өткөн жылы августта анын сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылган.

Жүрүштө бара жаткандардын арасынан экс-президент Алмазбек Атамбаевди жубайы менен көрсө болот.Ал атасы Шаршен Атамбаевдин сүрөтүн көтөрүп, жубайы, балдары менен чогуу жүрүшкө чыкты.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын айтымында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн баары бүгүнкү жүрүшкө катышууда.

» Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү 2015-жылдан бери “Өлбөс полктун” жүрүшүнө катышып келген. Быйыл ал өзү да жүрүштө жубайы жана балдары менен келди»- деди ал.
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык маанайды мыкты белгиленип жатат.