Все новости

99 жаштагы чоң эне Аргентинада 1-класска окууга барды

Аргентиналык 99 жаштагы Эусебия Леонор Кордаль аттуу улгайган аял окуу жана жазууну өздөштүрүү үчүн кайрадан 1-клааска окууга кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда

Маалыматка ылайык, Эусебия бул чечимин 2 себептен улам кабыл алганын айткан. Биринчиси, карылыгына байланыштуу окуганды жана жазганды унутуп калган, экинчиси, балалыгы оор шартта өткөндүктөн ошол учурда ал окууга жакшы көңүл бура алган эмес. Эусебия Леонор Кордаль кичинекей кезинде апасы каза болуп калгандыктан, турмуш шартына байланыштуу окууга көп көңүл бурбай калган.

“Кийин эрте турмушка чыгып, күнүмдүк тиричиликке алаксып, билим алууга шартым жок болчу”-деп эскерет карыган эне.

Азыркы учурда мындай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанып, мектепке барууну чечкенин кемпир кошумчалады.

Ушул тапта ал улуулар үчүн түзүлгөн мектептин 1-классында билим алууда. Классташтары 18 жаштан жогоркулар, эң улуусу Эусебия Леонор Кордаль.