Без рубрики

Абылгазиевдин жаңы аппарат жетекчиси ким?

Президенттин басма сөз кызматы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жаңы аппарат жетекчиси дайындалганын жарыялады

Самат Кылжыев КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри болуп дайындалды деп жазат президенттин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри болуп дайындалды.

2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси болуп дайындалган Шамиль Асымбеков 2019-жылдын 21-ма күнү өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткен.Анын орун басары Мурат Мукамбетов да кызматынан бошотулган.