Без рубрики

Адиль Турдукулов: «Арыз 17 күндөн кийин катталды»

Юстиция министрлигинин маалымат базасында КСДП партиясынын жетекчиси катары Сагынбек Абрахманов катталгандыгы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Ал арыз 17 күн өткөндөн кийин катталгандыгын бүгүн 7-майда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адиль Турлукулов билдирди.

«Юстиция министрлигинин электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөрүүлөрдү киргизгендиги боюнча жазылган арыз 17 күндөн кийин гана катталып жатат. Арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бүгүн саат 12:21де катталган. Мыйзамга ылайык, арыз 24 сааттын ичинде катталышы керек болчу, 17 күндөн кийин катталганы шек жаратты. Арыз «документтерди алмаштыруу» жана «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен катталды», — дейт Турдукулов.

Маалым болгондой, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасын, маалыматтарын өзгөрткөнү үчүн Юстиция министрлигинин үстүнөн жазган арызын Башкы прокуратурага 18-апрель күнү жөнөткөн.

Эске салсак, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерге Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич, ал эми «Партиянын негиздөөчүсү» деген жерге Алмазбек Атамбаевдин ордуна «Физикалык жакка алмаштыргыла 1» деген өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн. Буга нааразы болгон КСДПнын, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция да өткөрүшкөн.