Без рубрики

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев, кызматынан бошотулду

Бугун 24- май күнү айыл чарба министри Нурбек Мурашев арыз жазып, кызматынан бошотулду. Маалыматты министирликттен тастыкташты.

Министирдин кетишине кандай себеп болгонун айтылган жок.

Маалыматка ылайык, Мурашев өз ыктыяры менен арыз жазганын билдиришти. Бул боюнча министрден түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эскерте кетсек, Нурбек Мурашев дайыма көңүл чордонунда жүргөн, анын дарегине карата көп сын айтылган министр. Буга чейин эффективдүү эмес министр катары «кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылган болчу.