Все новости

Айыл-чарба министрлигине жаңы министр келди. Ким ал?

Эркинбек Чодуев Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Буга чейин Айыл-чарба министри болуп иштеген Нурбек Мурашевтин дарегине көптөгөн

Сын-пикир айтылып келгени белгилүү. Өз каалоосу менен арыз жазды деп басылмалар Нурбек Мурашевтин отставкага кеткенин жарыялашкан.

Эскерте кетсек, Эркинбек Чодуев көп жылдан бери Нурбек Мурашевдин орун басары болуп иштеген.