Все новости

Ак үй алдында кайра митинг

Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Ч. Айтматов атындагы лицейде балдары окуган ата-энелер бүгүн Ак үй алдына митингге чогулушту

Буга чейин бул мектепте болгон ызы-чуу социалдык тармактарга жарыяланган эле. Анда ата-энелер чогулткан акчанын эсебин ала албай жаткандарын айтышкан.

Бүгүнкү митингде ата-энелер ай сайын чогултулган 2 миллион сом акчанын эсебин бербей үн катпай келген мектеп директору Диляра Абдуллаеваны кызматтан алууна жана Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиеваны отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Маалым болгондой,мектеп директору Диляра Абдуллаева текшерүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактынча кызматтан четтетилген. Бирок, ата-энелер директорду биротоло кызматтан алууну талап кылышууда.

“Биздин балдарыбыз окуган мектепте 4500 бала окуйт. Анын ичинен бир миңи ар кандай себептерден улам төлөмдөрдөн бошотулган.Биз ай сайын чогултуп берген акча 2 миллионду түзөт. Окуу жылында ал акча 20 миллионго жетип калат.Ошол акчалардын отчетун бербей директор бизди убара кылууда. Көптөгөн суроолорубузга жооп ала албаганыбыздан улам митингге чыкканга аргасыз болдук”-дешти чогулган ата-энелер.

Митингге чыккан ата-энелер менен Билим берүү министрлигин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жолугушуп, мектепте текшерүү жүрүп жаткандыгын айтып, маселе чечиле турганын убада кылды.