Аксыда катуу жамгыр болуп сел жүргөн, жыйынтыгында 7 үйдүн короосун суу каптаган. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди
Белгилей кетсек, 2-майда саат 19:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын жыйынтыгында сел жүргөн.
Анын кесепетинен Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бирок турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.
Ошондой эле Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган.
Учурда жол каттамдары ачык, бирок унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.