Все новости

Ала-Арча резиденцисындагы өрттүн себеби- коопсуздук эередеси бузулган

28-апрель күнү мамлекеттик резиденцияда өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады

Кырсык тууралуу билдирүү 14.55те түшкөн. Окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бөлүм, авариялык кызматтын бир унаасы иштеди.

«Ала-Арча» резиденциясындагы өрт электр ширетүү иштериндеги коопсуздук эрежелердин бузулушунан келип чыккан деп маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.

«Ала-Арча» резиденциясынын аймагында болжол менен аянты 700 чарчы метр темир менен жабылган имараттын чатыры күйгөн. Эски имаратта курулуш иштери жүрүп жаткан болчу. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка электр ширетүү иштериндеги өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себепкер», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМдин басма сОз кызматынын маалыматы боюнча жабырлануучулар жок.