«Ала-тоо» аянтына жалгыз бой аял бензин, ширеңке алып, өзүн өрттөй турганын айтып чыкты.
Асипа Кадыркулова Кочкор райондук ооруканасынын директорун, облустук сотту коррупция боюнча айыптап, нааразычылыгын билдирди.
Асипа Кадыркулова менен президенттик аппараттын коомдук кабылдамасынын өкүлү Улан Жолдошбеков жолугуп, бул маселени чечүүгө жардам берерин айтты. Аялдын колунан бензин менен ширеңкени милиция кызматкерлери алып койду.
Айта кетсек, Кыргызстанда өзүн өзү өрттөй турганын билдирип, нааразылык акциясына чыккандардын дээрлик баары аялдар.