Все новости

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеш таркасын деди

КСДП партиясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева бул билдирүүнү популисттик деп эсептээрин айтты

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин сунуштады. Мындай пикирин ал төмөндогү себептер менен түшүндүрдү. «Парламентте Жогорку Кеңешти таркатуу демилгеси көтөрүлө турган болсо мен колдомокмун. Анткени биздин парламент коркок, багыты жок жана массалык наалакатка калган» — деди саясатчы.
Ал ортодо депутатты куру сөз айтып жатат дегендер да болду.

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутат Эльвира Сурабалдиеванын айтымында Шыкмаматов бул пикирди элге корүнүү үчүн жана алдыда боло турган шайлоо боюнча депутаттын өзун көрсөткүсү келген үчүн айтты. Алмамбет Шыкмаматовдун сөзүн жактырбаган Сурабалдиева бул билдирүүнү популисттик деп сыпаттады. Бирок, депутат айым парламенттин ишинде кемчиликтер бар экенин мойнуна алды.
Эске сала кетсек, 2020-жылы Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо өтөт.