6-апрелде Бишкектеги «Медиа Форум» имаратында КСДПнын 18-съезди саат 10до жабык эшик артында өттү
Съездге партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары жана делегаттар катышты.
Алмазбек Атамбаев съезд бүткөн соң журналисттер үчүн өткөн брифингде съезд жакшы өткөнүн жана чакырылган 180 делегаттын 170 келгенин айтты.
Экс-президент
Алмазбек Атамбаев: «Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мага карата жасалып жатканды саясий иш деп баалайм. Мени менен биригем деген жарандык коом жана саясатчыларга ыраазычылык билдирем»-деди.