Без рубрики

“Ата-Мекен” партиясы: “23-апрельде 6 миң адам митингге чыгат”

Камактагы Өмүрбек Текебаевдин эркиндиги үчүн акцияга катышууга үлкөн саясатчылар макулдугун берген. Бул туурасында Алмамбект Шыкмамтов билдирди

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрель күнү Жогорку соттун алдына 6 миңге жакын адам митингге чыгаары айтылууда. Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбект Шыкмаматовдун айтымында бир топ белгилүү саясатчылар ал акцияга катышуу ниетин билдиришкен.

“Митингге биздин эсеп боюнча бүтүн республика боюнча “Ата-Мекен партиясынын түзүмүндөгү 6 миңдей адам катышат. Азыр биз акцияны уюштуруу боюнча штабдарды түздүк. Андан сырткары белгилүү саясатчылар да митингге катышуу макулдугун беришкен.Азырынча биз алардын ысымын атай албайбыз”-деди Алмамбет Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү камакта отурушкан саясатчылар экс-депутат Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновдун акталып чыгышын талап кылып митинге чыгуу ниеттерин буга чейин билдиришкен. Тынчтык митинги 23-апрельге белгиленген.