Без рубрики

«Атамбаев бизди жерди каратты», — «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын өкүлдөрү

Иса Өмуркулов уюштурган «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына Алмазбек Атамбаев чакырса келбей койгонун Сагынбек Абдрахманов айтты

«Атамбав расмий түрдө чакырылган болчу, ал бул жака келип тарынычын айтып, өзүнүн каталарын моюнга алса болмок. Бүгүн жыйында Атамбаев менен маселелерди ачык айкын талкуулап алууга баардык шарттар түзүлгөн эле, келбей койгону өкүнүчтүү.»-деди Абдрахманов.

«Атамабаев деп биз элдин көзүнө тик карай албай калдык»- деп кошумчалады ал.
Бүгүнкү курултайга Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев өңдүү саясатчылар жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары да катышууда.

Курултайга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун да келиши күтүлүүдө.