Все новости

Азимбек Бекназаров: «Биз эркин улутбуз»

«Өмүрбек Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат» — деп мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди

«Бизди эч ким каржылабайт. Америкадан дагы, Россиядан дагы акча албайбыз. Биз дагы оппозициябыз, бирок, мыйзам менен гана күрөш жүргүзөбүз. Элди көчөгө алып чыкканга каршыбыз. Өмүрбек Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат. Алардын колунда гезит, сайттар, журналисттер. Алар акча менен баарын чечет», — деди Азимбек Бекназаров.

Ал Бабанов менен кошо иштегенин жана анын кандай адам экенин, жакшы билээрин кошумчалады.