Без рубрики

Азиз Суракматов диктаторбу?

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун митинг өткөрүүгө мораторий киргизүү сунушуна укук коргоочулар өз нааразычылыктарын билдиришти.

Укук коргоочулар 8-мартта өткөн тынчтык маршына уруксат берген шаар мэрине ыраазы болгону менен Азиз Суракматовдун мындан ары митинг-пикеттерге мораторий киргизүү сунушуна каршы экендиктерин билдирип, нааразычылык билдиришти.

Рота Карасартованын оюнда шаар мэри кырдаалды жөнү жок эле курчутуп жатат.

Бул кадам жакшылыкка алып келбейт— деп кошумчалады ал.

Эгерде элдер соттон адилеттик таппаса, аларга көчөгө чыгуудан башка айла калбайт. Бул биздин укугубуз. Мындай нерсени Суракматов тыя албайт. Эгерде ал элдин кыжырына тийем деп жаткан болсо ушундай ишин уланта берсин-деди белгилүү укук коргоочу.

Эске салсак, Бишкек мэри Азиз Суракматов саясий жана коомдук кыймылдарга 2020-жылга чейин митингдерге мораторий киргизүү сунушу менен кайрылды.

Бишкек мэринин митингдерге жана пикеттерге тыю салуу боюнча мараторий киргизүү сунушунун толук тексти:

«Акыркы убактарда 2019-жылдын башынан бери эле Бишкек шаарынын мэриясына митиг, чогулуш өткөрүү тууралуу 19 билдирүү келип түштү. Мындай иш чаралар биздин шаардыктарды, бизнести жана туристтерди чочутат.

Дем алыш кундөрү шаардыктар үй бүлөлөрү менен гүлзарларда, сейил бактарда, Эски аянтта, Ала-Тоо аянтында эс алып жүргөн учурда Бишкек мэриясы элдердин кыймылын чектеп, митинг болгон жердин коопсуздугун сакташы керек болот.

Ар бир митинг болгон сайын шаар кызматы тонналаган таштандыларды, пластикалык бөтөлкөлөрдү, стакандарды жана табактарды тазалайт. Акциянын катышуучулары таш жолдорду омкоруп, гүлдөрдү тебелеп, отургучтарды, чырактарды жана таштанды салган урналарды сындырышат. Ал эми «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери аянтты жана бир таман жолдорду жуушат.

Андай акциялардын максатына жетпеши турган сөз, ошондуктан өнүккөн мамлекеттерде аны укуктук талаада чечишет. Биз көчө митингдери кырдаалды курчутуп жиберишинен сарсанаа болобуз. Алар инвесторлорду коркутуп, үчүнчү күчтөрдүн провокациясына жол ачат.

Өз көз караштарын минтип билдирүү башаламандыкка жол ачып шаардыктардын тирилигин бузат. Өлкөнүн бюджетинен аларга деп берилген ченелүү каражат ошол жакка да кетип калат.

Бишкек мэриясы бардык шаардыктарды митингге каршы болууга үндөйт! Биз диалог жана сүйлөшүүлөр үчүн залдарды даярдоого күчтүн жетишинче аракет кылабыз. Мындай маселелерди тегерек үстөл үстүндө чечүүчү учур келип жетти. Өсүп өнүгүү жолуна түшөлү!

Бишкек шаарынын мериясы бардык коомдук жана саясий бирикмелерге акыл эсти токтотуп, 2020-жылга чейин ордо калаада саясий митингдерди өткөрүүгө мораторий жарыялоону сунуш кылды.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болот. Биз өлкөнүн бардык прогрессивдүү күчтөрүн өнүккөн жана атаандаштык күрөштүн программасына жана концепциясына үндөйбүз.

Биз баарыбыз өнүккөн жана укуктук мамлекетке багыт алышыбыз абзел! Келечектеги жаңы парламент саясий жанан укуктук маданияттын бийик үлгүсү болсун, ал эми биз болсо Бишкекти жана Кыргызстаныбызды сактайлы!».