Без рубрики

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдына эл чогулду

Кара-Суу районундагы Шарк айылынын тургундары Жогорку Кеңеш алдына келип чогулуп, президенттин эл менен жолугуусун талап кылышты

Абакта отуруп чыккан жарандан запкы жегенин айткан Нурмат Шакиров аттуу жаран бүгүн Жогорку Кеңеш алдына «Президент эл менен жолугушсун» деген плакатты көтөрүп чыкты. Анын чындык издеп сүйлөгөн сөзү бир саат мурун Facebook социалдык тармагына жарыяланды. Нурмат Шакировтун айтымында 2006-жылы темир ширетүүчү чакан ишкана ачкан, бирок ага жергиликтүү айыл өкмөтү жана абакта отуруп чыккан жаран 2011-жылдан бери ишканасын тартып алуу аракетин көрүп жүрөт

«Мен Башкы прокуратурага 156 жолу, ИИМ министрине 150 жана УКМКга 70 жолу арыз жаздым. Тилекке каршы ушул убакытка чейин маселе ордунан жылган жок.Менин арызым боюнча эч ким текшерген жок. Натыйжада, үй-бүлөм алыста жүрөт,ишканамдагы кызматкерлер иши жок көчөдө калышты. Парламентке да кайрылгам, жооп жок. Спикер да «Тийиштуу жактарга кат жиберилди» деген гана жоопту айтты. Күнү-түнү тынчымды алышып,иштетпей жатышат»-дейт ызаланган Нурмат Шакиров.

Андан ары Нурмат Шакиров жергиликтүү милиция кызматкерлери үйүнө келип коркутуп кеткендигин кошумчалады. Анын айтымында темир ширетүүчү цех Нурмат Шакировко таандык экенин Жогорку сот да далилдеген.