Без рубрики

«Бакыт каттары» боюнча айып төлөө бир нече күнгө токтотулат

“Коопсуз шаар” боюнча айыппул төлөөлөр 28-мартка чейин токтотула турган болду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалык берген маалымат боюнча азыр системаны жаңы серверге өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Андыктан, эки күнгө айыппул төлөө системасындагы маалыматтарды сактаган каражаттар мониторинг жүргүзүү үчүн токтотулат. 26-27-28-март күндөрү жол эрежесин бузган айдоочулардан айыппул төлөө талап кылынбайт.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан тарта ишке кирген. Бирок, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам жол эрежесин бузган айдоочулардан айыппул алуу 4-марттан тарта жүргүзүлө баштаган. Эреже боюнча “бакыт каттары” унаа ээсине келген күндөн тарта 15 күндүн ичинде эсептелген айыппулдун жарымын гана төлөө мүмкүнчүлүгү берилген.