Все новости

Балдар полдо уктаган бала-бакчанын директору түшүндүрмө берди

Бишкектеги №1 «Шоола» балдар бакчасынын директору мындай көрүнүштү биринчи жолу көргөнүн айтты

Бишкектин Кудайберген базары тарапта жайгашкан “Шоола” бала бакчасынын директору Айнагүл Мадылбаева уктоочу керебеттер жетиштүү экенин айтты.

Анын айтымында видео 19-апрелде тартылган. Ал күнү башка бөлмөнүн полун сырдап койгондуктан эки тайпанын балдарын бириктирип уктатышкан болчу.

«Ошол күндөрү биз бакчаны актап, сырдаганбыз. Курулушчулар кичи тайпадагы балдардын бөлмөсүнүн дубалын актагандан кийин полдогу чачырандысын тазалабай кетишиптир. Ата-энелер муну көрүп нааразы болгондуктан жума күнү, 19-апрелде, полду кайра жууп-тазалап, сырдадык. Ал күнү балдардын тамагын бергенден кийин ортончу тайпа менен кошуп уктатууну чечкенбиз. Ал күнү кечинде сырдасак, дүйшөмбүгө чейин кургабай калмак. Бир күн эле ушинтип жатышкан, аны кимдир бирөө видеого тартып алыптыр», — деди Мадылбаева.

Социалдык тармактарда 50дөн ашык баланын бир бөлмөдө уктап жаткан видеосу тараган. Андан бир керебетте төрт-бештен бала узун-туурасынан жатып, калганы полдо уктап атканын көрсө болот. Балдардын үстүнө жууркан да жабылган эмес болчу.