Азыр өтүп жаткан митингге уруксат бербөө аракеттери көрүлдү дешет уюштуруучулар.
26-апрель күнү Балыкчы шаарынын жарандык активисттери тынчтык митингин өткөрүү үчүн мэрияга расмий билдирүү беришкенин айтышкан. Бирок, Балыкчы мэри 28-апрель күнү өтө турган митингге уруксат бербей койгондугу маалымдалды.
Андан сырткары митингди уюштурган жарандык активист Марат Акматовду милицияга суракка чакыргандыгы белгилүү болду.
29-апрелге пландалып жаткан Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тыюу салып, болгону тынч митингге уруксат берген. Бирок катышуучулар түшкү саат 12ден кийин жөө жүрүшкө чыгарын айтышууда.
«Он киши болсок да жолдун чети менен эч кимге жолтоо болбой, эч кимдин жолун тоспой жөө жүрүшкө чыгалы дегенбиз. Жөө жүрүшкө 12ден кийин чыгабыз деп турабыз. Уран кени — ажыдаар, алаамат. Кыргыз элине жакшылык алып келбейт»-деди жарандык активист Марат Акматов.