Без рубрики

Башкы прокуродун отчётун Жогорку Кенеш канааттандырды

Бугун 17 апрель күнү Жогорку Кеңеште прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчёту угулду

Жамшитовдун маалыматына ылайык, өткөн жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 миң 971 мыйзам бузуучулук аныкталган. Аларды четтетүү боюнча 14 миң 20 прокурордук актылар түзүлгөн болчу. «Азыркы учурда, тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9 миң 948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 миллион 635 миң 406 сомду түзгөн», — деди башкы прокурор.

17 апрель куну саат 9:30да башталган жыйын саат 16:00дө аяктады. Жыйындын журушундо коптогон суроолор берилди. Аягында жыйынтыктоого келгенде көпчүлүк добуш менен, башкы прокурорунун отчётун канааттандырарлык деп табуу боюнча токтом кабыл алынды.
алима