Все новости

Баткен областтык прокурорунун өлүмү боюнча соттук отурумда жаңжал чыкты

Ош шаардык сотунда Баткен областынын прокурору Анарбай Мамажакыповтун өлүмү боюнча ишти кароо башталып, соттук отурум кайым айтышуу менен башталып чоң жаңжал менен коштолду.

Соттук отурум башталаар алдында маркум А.Мамажакыпотвун жана айыпталуучу Мелис Калыковтун туугандары менен жакындарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Маркумдун жакындары айыпталуучунун туугандарын сот залынан чыгарууну талап кылышканда, эки тарап бири-бирине кол көтөрүп мушташууга чейин барышкан.
Судья айыпталуучу Мелис Калыковдун жакындарын сот залынан чыгарып, 3 жакынын гана калтырган. Мелис Калыковтун жактоочулары иш менен толук таанышууга жетишпей калганын айтып, дагы убакыт берүүнү суранышты.

Жабырлануучу тарап менен мамлекеттик айыптоочулар бул өтүнүчтү канаттандырбоону суранышты. Судья иш менен таанышууга жетишээрлик убакыт берилгенин айтып,өтүнүчтү канаттандырган жок.

Мелис Калыковтун жактоочулары сот отурумун таштап чыгып кетүүгө аракет кылышканда, судья Жолборс Кудаяров бул жорук мыйзамга туура келбегенин эскертип, ишти кароону улантты.

“Күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?” деп судья Мелис Калыковтон сураганда, ал судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтөөрүн билдирген.

“Мага коюлган айыптар менен таанышкан жокмун. Жактоочуларым иш менен таанышууга убакыт сураса тоскоолдук кылып жатасыз. Сизге Башкы прокуратура иш козгоптур,анан кантип иштеп жатасыз?” деп суроого суроо менен жооп берди Мелис Калыков.

“Мен сизге кагаздар менен таанышууга 7-майдан бери убакыт бердим. Сизге эч ким тоскоолдук кылган жок. Судья өзү сизге ишти алып барып тааныштырууга милдеттүү эмес” деди Жолборс Кудаяров.

Калыковдун жактоочулары да судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдиришкенде мамлекеттик айыптоочу менен жабырлануучу тарап каршы пикирин айтышты.
Судья Жолборс Кудаяров кеңешме бөлмөсүнө барып келген соң, “ Ишенбөөчлүк көрсөтүүгө негиз жок” деген чечимин айтып,отурумду улантты.

Күбө катары маркумдун агасы менен анын жубайы, ал эми айыпталуучу тараптан Мелис Калыковдун жубайы менен апасы сурак беришти.

Күбөлөрдүн толук келбегенине байланыштуу соттук отурум 7-июнда улана турган болду.