Без рубрики

:Баткендеги эмдөөдөн жабыркаган балдардын окуясы текшерилуудө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын түзүлгөн коммисия балдарды эмдөө боюнча окуяны текшерет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, адистер Баткенде эмдөөдөн өткөн окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, иш алып барышууда. Ооруканада жаткан кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Абалы жакшырып үйүнө чыгарылды. Баары туруктуу. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Комиссия ишин бүтүрүп, анализ жүргүзгөн соң баары белгилүү болоору маалымдалды.

Эске сала кетсек, Баткен облусунда эмдөөдөн соң 15бала жабыркап кайра ооруканага кайрылган.