Без рубрики

БатМУда коррупция күч алды деп мугалимдер президентке кайрылышты

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдыдап Зулпуевдин коррупциялык иштерге аралашканы туурасындагы кат өлкө башчысына жөнөтүлгөнүн мугалимдери тастыкташты.

Алардын айтымында, БатМуга тапшырган студенттер күн сайын азайып, окуу бөлмөлөрү бош турса да, ректор баасы 300миллион сом турган жаңы имарат куруп баштаган. Бүгүнкү күндө курулушу башталган имаратка 13 миллион сом жумшалганы менен араң гана фундаменти бүткөрүлгөн.

БатМуда иштеген Кубанычбек Таировдун айтымында студенттерди көбөйтпөй, билим деңгээлин жогорулатпай туруп кантип жаңы имарат курат.

«Студенттерди биздин университетке алууда көп тоскоолдуктар болот. Студенттерге берилип жаткан билимдин сапатын жогорулатпай туруп ректор жаңы имарат куруп баштады» — дейт мугалим.

БатМу ректору Абдыбап Зулпуев жаңы имарат университетке керек деп эсептейт.

«БатМунун курулуп жаткан жаңы имаратынын сметасы 300миллион сом турат. Имаратты университеттин үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен куруп жатабыз. Республикалык бюджеттен каражат каралган эмес»-деп жооп берди ректор.

Мамлекет башчысына арызданган мугалимдер БатМунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2000 студент билим алып жаткан институту көп жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөгөнүн жазышкан. Алардын пикиринде, окуу жайдын үнөмдөлгөн каражаты ошол институттун имаратын ремонттоого жумшалса болмок.

Андан сырткары БатМунун окутуучулары ректордун айдоочусу кырсыктан каза болгонун жазып. ага эч ким жооп бербегенин айтып арызданышкан.

Арыздын негизинде Баткен облустук прокуратурасы текшерүу жүргүзүп жатыптыр.

Эскерте кетсек, 2018-жылы БатМуну аяктаган 39 студенттин диплому жараксыз деп табылган. Сот ал дипломдорду берген мугалимдерге чечим чыгарганы менен учурда алар мугалим болуп БатМуда иштеп жатышыптыр.