Все новости

Батукаевдин иши боюнча кармалган Динара Сагынбаева үй камагына чыкты

Бишкетин Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын бөгөт кою чарасын кечээ карап, аны үй камагына чыгарды

Сагынбаеванын бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн анын жактоочусу сотко өтүнүч менен кайрылган.

Мурдагы министр 15-майда камакка алынган эле.

Эскерте кетсек, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш Башкы прокуратура тарабынан апрель айында козголгон. Андан бери дарыгер-онколог Эмиль Макимбетов, Лаборант Ирина Цопова, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевтер кармалып, номер 1- убактылуу кармалоочу жайга киргизилген. Убактылуу кармоочу жайда 21-майда кармалган мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов бөгөт кою чарасын күтүүдө. Аны камакка алуу боюнча тергөөнүн өтүнмөсүн сот бүгүн карайт.

Үй камагына чыккандар: №47-абактын борбордук ооруканасынын башчысы Фархад Атаходжаев, ЖАМКнын медициналык башкармалыгынын мурдагы башчысы Акылбек Асанов жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгери Канат Бектемиров.