Без рубрики

Батукаевдин иши боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон иштин алкагында бүгүн, 21-майда Алмазбек Атамбаевтин бийлиги маалында вице-премьер-министр кызматында иштеген Шамил Атаханов кармалды деп билдирет ИИмдин басма сөз кызматы.

ИИМ тараткан маалымат боюнча, бүгүн Шамил Атаханов иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Тергөө кызматына алынып келинип сурак берген. Учурда Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди делет маалыматта.
Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөөсү үй камагына чыгарылган.

15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

Өткөн аптада ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берип чыккан.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.