Все новости

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасын жана карындашын тоноп кетишкени тууралуу ырастап түшүндүрүп берди

Кечээ, 13-май күнү ырчы Мирбек Атабековдун апасын жана карындашын тоноп кетишкени тууралуу өзүнүн баракчасына жазып чыкты

“Урматтуу, мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апама жана апам жашаган биздин үйгө байланыштуу куралчан уурулар тобунун үйгө киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет.

— Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат”, -деп окуя качан жана кандай болгонун жазып бийликтен жана депутаттардан укук коргоо органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүсүн суранды.