Без рубрики

Бир күн ичинде жугуштуу оорулар бөлүмүнө 270 киши кайрылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бөлмөсүнө 8-апрель күнү 270 бейтап кайрылган

Кайрылгандардын ичинен 188и жаш балдар.
«Кайрылгандардын 75и ооруканага жаткырылган, алардын 62си жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылса, алардын 22си ооруканага жаткырылып, 39 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 37 адам кайрылса, 14ү ооруканага жаткырылган.Кызамык оорусу менен 10 адам кайрылып, алардын 9у ооруканага жаткырылды» — деп жазылат маалыматта.