Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын маалыматына ылайык 2018-жылы балдарга карата зомбулук кылмыштары катталып, жыйынтыгы өлүм менен аяктаган 10 иш катталган.
«Көп учурда зомбулукка балдарын жакындарына калтырган, өздөрү чет өлкөгө эмгектенүүгө кеткен мигранттардын балдары кабылат. Алар бүгүнкү күндө абдан аярлуу топко кирет», — дейт Солтонбекова.
Ал кошумчалагандай, балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу максатында 2 жылдык план иштелип чыгып, ага премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул план мамлекеттик органдардын жана бей өкмөт уюмдардын күчүн бириктирип, зордук-зомбулукка туш болгон балдар менен иш алып барууну өзүнө камтыйт.