Бишкек-Ош авто жолунда мезгил-мезгили менен туман каптап, кар көчкү, таш кулоо коркунучу бар. Бул туурасында ӨКМ билдирди
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кар көчкү коркунучун алдын алып Бишкек-Ош жолу бүгүн,30-март күнү кечки саат 18:00дөн тартып 31-марттын таңкы 6:00 гө чейин жабык болоору эскертилди.
“Сосновка” посту менен Өтмөк ашуусу бүгүн саат 18:00дөн 31-марттын 6:00 нө чейин жабылат. Ал эми “Арал” посту бүгүн саат 19:00дөн 31-марттын 6:00гө чейин жабылаары айтылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыгууну пландагандарга сапарды башка убакытка жылдырууну сунуштайт. Өзгөчө кырдаал учуру болгондо 112 кызматына кайрылууга чакырат.